Казакстандын Президенти Сингапурдун улук министри Ли Сянь Лунду кабыл алды

Казакстандын Президенти Сингапурдун улук министри Ли Сянь Лунду кабыл алды

Акордодо Казакстандын Президенти менен Сингапурдун улук министринин жолугушуусу өттү. Касым-Жомарт Токаев Ли Сянь Лундун Казакстанга болгон алгачкы сапары өлкөбүз үчүн тарыхый мааниге ээ экендигин баса белгиледи. Бүгүнкү күндө эки тараптуу мамилелер динамикалуу өнүгүп, туруктуу саясий диалог орнотулуп, товар жүгүртүүнүн өсүшү жана Сингапурдун капиталынын өлкөгө агымынын тездеши байкалууда. Мамлекет башчысы белгилегендей, чындыгында Казакстан менен Сингапур өз аймактарында - Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азияда бири-бири үчүн эң ири соода өнөктөштөрү бойдон калышууда. Тараптар көп тараптуу форматтардын алкагында да жемиштүү кызматташып жатышат. Касым-Жомарт Токаев эки өлкө тең орто державалар катары эсептелээрин белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле мамлекеттик башкарууну жана саясий системаны мындан ары өнүктүрүүгө багытталган өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу саясий өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, сүйлөшүүчүлөр транспорт-логистика жана санариптештирүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулашты. Ли Сянь Лун өз кезегинде биздин мамлекет башчысына өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү олуттуу ийгиликтерин кошумчалады. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев Ли Сянь Лунду эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн «Достук» орденинин I даражасы менен сыйлады.

Которгон: Назира Бегалиева