Касым-Жомарт Токаев Эл
аралык баскетбол федерациясынын президенти шейх Сауд Али Аль-Тани менен
жолугушту. Тараптар массалык жана профессионалдык баскетболду өнүктүрүү,
спорттук резервди даярдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин
талкуулашты. Мамлекет башчысы Казакстанда 3кө 3 форматындагы баскетболдун популярдуулугу
өсүп жатканын белгиледи. Ошондой эле федерациянын өлкөдөгү баскетболду өнүктүрүүгө
көрсөткөн колдоосуна жогору баа берди. Өз кезегинде FIBAнын президенти
Казакстанда баскетболду өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн Президентке
ыраазычылык билдирип, спорттун бул түрүн мындан ары да өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүштү.
Касым-Жомарт Токаев шейх Сауд Али Аль-Таниге Казакстанда баскетболду
өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн II даражадагы «Достык» орденин тапшырды.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
–
Сизди Астанада тосуп алганыма абдан кубанычтамын жана Сиздин сапарыңыз биздин
улуттук федерация, жалпы Казакстан жана FIBA ортосундагы кызматташтыкты мындан
ары чыңдоо үчүн чоң мааниге ээ деп ишенем. Быйыл Казакстанда ата мекендик
баскетболдун 100 жылдыгын белгилеп жатабыз. Биз баскетболду жаңы, жогорку деңгээлге
көтөрүп, аны мындан аркы өнүгүүсү үчүн бардык шарттарды түзүүнү каалайбыз. Ушул
мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Казакстан мындан ары да федерация менен
кызматташтыкты бекемдөөгө ниеттүү экенин дагы бир жолу белгилегим келет.
Сауд Али Аль-Тани, Эл
аралык баскетбол федерациясынын президенти:
– Албетте, Казакстан
федерация үчүн маанилүү роль ойнойт жана Азия континентиндеги баскетбол боюнча
маанилүү өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Бул жерде баскетболду өнүктүрүү үчүн
бардык күч-аракетин жумшап, өз ишине берилген, жигердүү адамдар эмгектенишет.
Көп нерсе спортчулардын муунуна жана учурга жараша болот. Мен Федерациянын 100
жылдыгын белгилөөгө катышып жатканыма жана бул кооз өлкөгө кайрадан келип
жатканыма абдан кубанычтамын.
Которгон: Назира Бегалиева

