Акордада Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Даниянын тышкы иштер министрин кабыл алды. Ларс Лёкке Расмуссен Астанага расмий сапар менен келди. Тараптар саясий диалогду бекемдөө жана соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Келерки жылы эки өлкө дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгын белгилейт. Мамлекет башчысы байланыштардын оң динамикасын баса белгилеп, Carlsbergдин Алматы облусундагы инвестициялык долбоорунун ишке киришин кубаттады. Ошондой эле транспорт жана логистика, санариптештирүү жана жасалма интеллект, критикалык минералдар, айыл чарба жана суу коопсуздугу тармактарындагы биргелешкен долбоорлор каралды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

