Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Бельгиянын Королу Филиппти Улуттук күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысы телеграммасында белгилегендей, бул маанилүү күн Бельгия элинин биримдигин чагылдырат. Ошондой эле ал Казакстан Королдук менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгиледи. Анын айтымында, жакында Брюсселге жасаган сапары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берди. Президент Филипп падышага ийгилик, ал эми Бельгия элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

