2030-жылга карата
Казакстан товардык газ өндүрүүнү эки эсеге көбөйтүп, 4,5 млрд куб метрге
жеткирүүнү пландап жатат. Пландаштырылган өсүшкө жаңы кендерди өздөштүрүү жана
ири геологиялык чалгындоо долбоорлорун ишке ашыруу өбөлгө түзөт. Газ
инфраструктурасын өнүктүрүүнүн келечеги жана тармактын потенциалы Астанада
өткөн эл аралык форумда мамлекеттик органдардын, бизнестин жана эксперттик
коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан талкууланды.
Ал эми иш-чаранын
алкагындагы адистештирилген көргөзмөдө газ тармагындагы өндүрүштүн бардык
этаптары үчүн заманбап санариптик технологиялар сунушталды. 5 өлкөдөн келген
50гө жакын компания өздөрүнүн инженердик чечимдерин жана жасалма интеллектке
негизделген иштеп чыгууларын тааныштырышты. Атап айтканда, QazaqGaz «Aqyl
Energy» долбоорун сунушташты. Долбоордун алкагында жасалма интеллект агенти
ишке киргизилген. Ал жарандарга мобилдик тиркеме аркылуу кеңеш берип, алардын
кайрылууларын иштеп чыгат. Эң негизгиси, система газ керектөө боюнча
маалыматтарды талдайт. Ал эми ушул маалыматтардын негизинде жасалма интеллект
газга болгон суроо-талаптын узак мөөнөттүү болжолун түзөт.
Дамир Гуламов, QazaqGaz
Aimaq компаниясынын Aqyl Energy долбоорунун жетекчиси:
– Ушул 10–15 жылдын
ичинде топтолгон бардык маалыматты жасалма интеллект талдап, абанын басымын,
абанын температурасын, шамалдын багытын жана башка көрсөткүчтөрдүн баарын эске
алып, газдын канча көлөмдө керектелерине болжол түзөт. Бүткүл Казакстан боюнча
1,5 млн смарт-эсептегич орнотулат. Алар газ керектөөнүн көлөмү тууралуу
маалыматты ар бир саат сайын жөнөтө алат. Ушул маалыматтардын баарын талдоо
үчүн жасалма интеллект колдонулат.
Которгон: Назира Бегалиева

