Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Казакстандын тажрыйбасы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Варшава конференциясында коомчулукка тааныштырылды. Өлкө адам укуктары боюнча 60тан ашык эл аралык келишимдердин жана кулчулуктун түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча макулдашуулардын катышуучусу болуп саналат. Акыркы төрт жылдын ичинде чет өлкөлөрдө кулчулукта кармалып турган өлкөлөрдүн алтымыштан ашык жараны куткарылды. Жабырлануучуларды коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштер эки жыл мурун кабыл алынган «Адам сатууга каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамдын алкагында жүргүзүлүүдө.
Марат Башимов, Адам укуктары институтунун экс-мүдүрү, юрист:
– Биз мыйзамга азыр интернет аркылуу адам сатып алууну киргиздик, бул процессти кантип көзөмөлдөйбүз? Биз ал процесстерге, мыйзамдарга жана кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргиздик. Көп нерселерди карасаңыз, Казакстан жашы жете электердин укуктарын коргоо үчүн чоң чараларды көрдү.
Учурда Казакстан 2027-2029-жылдарга карата жаңы Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууда. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен биргеликте адам сатуунун курмандыктарын аныктоого, кайтарып берүүгө жана коргоого багытталган долбоор ишке ашырылууда. Уюм кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Казакстан менен кызматташууну андан ары күчөтүүнү көздөйт.
Кэри Джонстон, ЕККУнун адам сатууга каршы күрөшүү боюнча атайын өкүлү жана координатору:
– Биз адам сатууга каршы күрөшүү үчүн Казакстан менен тыгыз кызматташып жатабыз. Адам сатууга жана аны колдонууга көмөктөшүү үчүн технологияны колдонууга каршы күрөшүү боюнча адистерди окутууну уюштурдук. Ошондой эле, адам сатууга каршы күрөшүүгө жардам берүү үчүн жаш элчилерди окутуу боюнча өнөктөштүк түздүк.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

