Казакстандыктардын 10дон 7си 23үндө өтүүчү Курултай шайлоосуна катышууга даяр. Мындай маалыматты Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институту жарыялады. Адистер кулжа жана теке айларында ар кандай уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн алты социологиялык сурамжылоонун жыйынтыктарын изилдешкен. Бардыгында шайлоочулардын активдүүлүгүнүн жогорку деңгээли байкалган – методологиядагы айырмачылыктарга карабастан 70%дан 76%га чейин. Ошол эле учурда, респонденттердин 90%га жакыны алдыдагы шайлоолор тууралуу билишет. Добуш берүүгө катышууга эң жогорку даярдыкты улгайган жарандар көрсөтүүдө. Алардын арасында бул көрсөткүч 80%дан ашат. Жаштар арасында ал 70%га жакын. Аялдар эркектерге караганда баш оонанын 23ү шайлоо участкаларына келүүгө даяр экендигин болжол менен 5 пайыздык пунктка көбүрөөк билдиришкен. Сурамжылоолор саясий партияны тандоого эмне таасир этээрин да көрсөттү. Ошондой эле, шайлоочулар партиянын көз караштарынын жакындыгын, коомдун өнүгүү келечегин жана өлкөнүн келечегине болгон көз карашын эске алышат.
Которгон: Назира Бегалиева

