Казак улуттук спорт университети Эл аралык Олимпиада комитетинин изилдөө борборлорунун глобалдык тармагына кошулду. Казакстан Борбордук Азияда Олимпиадалык изилдөөлөр жана борборунун системасында өкүлчүлүгү бар алгачкы өлкө болуп калды. Бул макамга ээ болуу үчүн ЖОЖ эл аралык талаптарга жооп бериши керек болчу. Серепчилер инфраструктураны, билим берүү программаларын жана илимий ишин баалашты. Белгилей кетсек, университеттин базасында Олимпиадалык изилдөөлөр, билим берүү жана мурас борбору иштейт. Бул жерде олимпиадалык кыймылдын тарыхы жана баалуулуктары изилденип, илимий изилдөөлөр жана иш-чаралар өткөрүлөт. Эл аралык тармакка кошулуу ЖОЖго чет өлкөлүк борборлор менен кызматташууга, изилдөөлөрдү жана билим берүү практикаларын алмашууга мүмкүндүк берет.
Турсынзада Куангалиeва, Казак улуттук спорт университетинин ректору:
– Биздин миссиябыз - Казакстан спортун өнүктүрө турган адистердин жаңы муунун даярдоо. Бизди комплекстүү мамиле айырмалайт: биз спортту, билим берүүнү, илимди, спорт медицинасын жана реабилитацияны, менеджментти, санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти бирдиктүү экосистемага бириктиребиз. Кийинки милдетибиз - эл аралык макамыбызды конкреттүү натыйжалар менен тастыктоо: изилдөөлөрдү жүргүзүү, жаңы билим берүү программаларын түзүү жана чет элдик борборлор менен эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү. Менин оюмча спорт тармагында келечектеги кадрларды даярдоо ушундайча башка деңгээлге чыгат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

