Казакстандык студенттер жүрөк ооруларын аныктоочу жасалма интеллект системасын иштеп чыгышты

Казакстандык студенттер жүрөк ооруларын аныктоочу жасалма интеллект системасын иштеп чыгышты

Жасалма интеллект казакстандык дарыгерлерге жүрөк ооруларынын мүмкүн болгон белгилерин эрте аныктоого жардам берет. Astana IT University студенттери CardioScan системасын иштеп чыгышты. Ал ЭКГны талдап, жүрөк-кан тамыр патологияларынын белгилерин аныктоого жардам берет. Технологиянын негизин 33 миң сүрөт жана медициналык тартылмалар аркылуу үйрөтүлгөн жасалма интеллект модели түзөт. Ал текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын, ошондой эле мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн сүрөттөрүн иштеп чыгып, отчет даярдайт. Ошол эле учурда, система жүрөктүн абалын алдын ала баалоо үчүн арналган жана медициналык диагностиканы алмаштырбайт. Азыркы учурда команда кошумча маалыматтардын эсебинен анализдин тактыгын жогорулатуу жана системанын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн платформаны өркүндөтүп жатышат.

Артем Пинигин, Astana IT University университетинин студенти:

– Бул долбоорду иштеп чыгууда Түндүк Казакстан кардиология борборунун колдоосуна ээ болдук, анын жетекчиси кардиохирург болгон. Astana IT University бизге алдыңкы клиникалар менен байланыш түзүүгө жардам берип жатат. Бул моделибизди өркүндөтүү үчүн мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат топтоого шарт түзөт. Натыйжада, модель оорулардын кыйла көп түрүн аныктап, диагнозду алда канча так коё алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков