Улуттук суу ресурстары боюнча маалыматтык тутумун түзүүнү аяктоо. Мындай тапшырманы Президент Касым-Жомарт Токаев өзүнүн кайрылуусунда билдирген. Бирдиктүү платформа өлкөнүн суу запастарын көзөмөлдөөгө жана сууну бөлүштүрүүдө жооптуу мамлекеттик органдарга негиздүү чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Тийиштүү министрликтен билдиришкендей, тутум жылдын аягына чейин толук иштей баштайт. Учурда аны министрликтин жана суу чарба уюмдарынын күнүмдүк ишине киргизүү жүрүп жатат. Адистер окуудан өтүп, архивдик маалыматтарды электрондук базага көчүрүүдө жана алардын тактыгын текшерүүдө. Эске салсак, тутум дарыялар, көлдөр, жер астындагы суулар, суу сактагычтар жана гидротехникалык инфраструктуралар жөнүндөгү маалыматтарды бириктирет. Санариптик паспорттор жана спутниктик сүрөттөр аркылуу объекттердин абалын баалоого жана болуп жаткан өзгөрүүлөрдү байкоого болот.
Канат Ахметов, «суу ресурстарынын маалыматтык-аналитикалык борбору» ААКнын технологиялык интеграция жана өнүгүү бөлүмүнүн мүдүрү:
– Бул бар болгон ресурстарды реалдуу муктаждыктарга дал келтирүүгө, тобокелдиктерди, жетишпестиктерди алдын ала көрүүгө жана сууну бөлүштүрүү боюнча негиздүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет. Бирдиктүү санариптик маалыматтар инфраструктураны кошумча текшерүү, оңдоо же модернизациялоо зарыл болгон аймактарды аныктоого жардам берет. Акыр-аягы, бул суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга, эсепке алуунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн суу коопсуздугун бекемдөөгө өбөлгө түзүшү керек.
Сууга болгон муктаждыкты алдын ала баалап, анын тартыштыгына жол бербөөгө сууну керектөөнү эрте болжолдоо системасы да жардам берет. Ал Улуттук суу ресурстары маалымат системасынын маалыматтарын колдонуп, фермерлердин арыздарын, айдалган жерлерди жана сугаруу ченемдерин эске алып, алынган эсептөөлөрдү жасалма интеллект бар болгон корлор менен салыштырат. Бул суу берүү графиктерин өз убагында тууралоого жардам берет.
Канат Ахметов, «суу ресурстарынын маалыматтык-аналитикалык борбору» ААКнын технологиялык интеграция жана өнүгүү бөлүмүнүн мүдүрү:
– Система масштабдалат, жасалма интеллект киргизилет. Биз учурда аны киргизип жатабыз. Азыр биз базаны толтуруу, жасалма интеллектти үйрөтүү, талдоо жана чогултуу этабында турабыз. Ар кандай маалымат булактарын системага туташтырып жатабыз. Айрым мамлекеттик органдар, «Казгидромет» жана сенсорлор менен интеграция жүргүзүлүүдө. Алардан алынган маалыматтар өз ара салыштырылып, туруктуу көзөмөлдөнөт. Натыйжада система толук кандуу талдоо жүргүзүп, тиешелүү маалыматтарды бере алат. Мындан тышкары, коңшу өлкөлөрдөн да маалымат алуу жана алар менен интеграция жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

