Казакстанда саламаттык
сактоонун бирдиктүү интеллектуалдык платформасы ишке кирди. Ал өлкөдөгү бардык
медициналык уюмдар тууралуу маалыматтарды бириктирет. Маалыматтар бирдиктүү
санариптик системага автоматтык түрдө түшүп турат. Анда медициналык
мекемелердин лицензиялары, кадрдык курамы, медициналык жабдуулардын болушу,
инфраструктурасы жана башка ресурстары тууралуу маалыматтар камтылган. Ар бир
медициналык мекеме үчүн санариптик паспорт түзүлөт. Алардын жардамы менен
ооруканалардын жабдылыш деңгээлин, адистер менен камсыз болушун жана
лицензиялык талаптарга шайкештигин реалдуу убакыт режиминде баалоого болот. Саламаттык
сактоо министрлигинин маалыматына караганда, санариптик платформа мамлекеттик
маалыматтык системалардын ортосунда маалымат алмашууну жеңилдетип гана тим
болбостон, медициналык инфраструктураны өнүктүрүүнү натыйжалуу пландаштырууга,
кадрлардын жетишсиздигин жана зарыл жабдууларга болгон муктаждыкты аныктоого да
жардам берет. Мындан тышкары, санариптик каражаттар мүмкүн болгон мыйзам
бузууларды алдын ала аныктап, медициналык жардамдын сапатына терс таасирин
тийгизбеши үчүн аларды өз убагында жоюуга шарт түзөт.
Бауыржан
Джусипов, Казакстан Республикасынын Саламаттыкты
сактоо министрлигинин Медициналык жана фармацевтикалык көзөмөл комитетинин
төрагасы:
– Комитет медициналык жана
фармацевтикалык көзөмөл органы катары жарандардан арыз же кайрылуу түшүшүн
күтпөстөн, атайын көрсөткүчтөрдүн негизинде медициналык уюмдардагы
тобокелдиктерди алдын ала аныктай алат. Башкача айтканда, медициналык мекеменин
жабдылыш деңгээли, медициналык жардам көрсөтүү үчүн кадрлардын жетиштүүлүгү
жана тейлөө аймагы бааланат. Бул ыкма медициналык жардамдын сапатына таасир
этиши мүмкүн болгон көйгөйлөрдү алдын ала аныктоого мүмкүндүк берет.
Которгон: Назира Бегалиева

