Казакстанда Джеки Чандын катышуусунда «Кудайдын калканы. Ультиматум» аттуу укмуштуу окуялуу тасманын тартуу иштери яктады. Легендарлуу актер жана режиссер бул тасмада башкы ролду аткарган. Тасма тартуу иштери Маңгыстау жана Алматы облустарында, ошондой эле Алматы шаарында өттү. Тасманы чыгаруу менен жергиликтүү «Salem Entertainment» медиа компаниясы алектенди. Бул алардын биринчи эл аралык долбоору. Серепчилер мындай тасманын тартылуусуна катышуу Казакстанга кино тармагындагы дараметин көрсөтүүгө жана чет элдик өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүндүк берет деп белгилешет. Джеки Чандын өзү казакстандык тартуу тобунун ишин жогору баалап, алардын кесипкөйлүгүн белгиледи.
Джеки Чан, режиссёр, актёр:
– Чындык менен айта алам: бул менин өмүрүмдө иштеген эң мыкты тартуу топторунун бири болду десем жаңылышпайм. Кытайдан же Гонконгдон тышкары, башка өлкөдө же шаарда тасма тартканда, мамлекет канчалык жардам бербесин, иштеп жатканда ар дайым кандайдыр бир көйгөйлөр жаралат. Бири болбосо, экинчиси. Бирок Казакстанда тасма тартуу учурунда бизде дээрлик эч кандай көйгөй болгон жок!
Которгон: Илгиз Жамалбеков

