Казакстанда түшүм жыйноо иши уланууда. Азыркы учурда дыйкандар дан эгиндеринин 70% ашык аянтынан түшүм жыйнап алышты – бул 16 миллион тоннадан ашык дан. Белгилей кетсек, быйыл өлкөдөгү жалпы айдоо аянты 24 миллион гектардан ашат. Анын ичинен болжол менен 16 миллиону дан жана буурчак өсүмдүктөрүнө арналган. Дыйкандарга жардам берүү үчүн 660 миллиард теңгеден ашык жеңилдетилген каржылоо багытталган. Аны 6 миңге жакын айыл чарба өндүрүүчүлөрү алышты. Ал эми тогуздун айынын 1нен баштап өлкөдө кийинки жылдын айдоо иштерин каржылоо үчүн арыздарды кабыл алуу башталат.
Шерхан Каныбек, Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин бөлүм башчысы:
– 2027-жылдын жазгы талаа иштерин эрте каржылоого 200 миллиард теңге багыттоого пландалууда. Бул багыт боюнча Агрардык насыя корпорациясынын филиалдары аркылуу түз каржылоо мүмкүнчүлүгү каралган. Мындан тышкары, экинчи деңгээлдеги банктар жана насыялык шериктештиктер да каржылоого тартылат. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн аймактарда социалдык-ишкердик корпорациялар да тартылат. Өз кезегинде, ишкердикти өнүктүрүү «Өнүгүү» фонду бул каржылоого кепилдик берет.
Жыл башынан бери Казакстан 7 миллион тоннадан ашык дан экспорттоду. Анын дээрлик 5 миллион тоннасы Борбор Азия өлкөлөрүнө туура келди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 40% көп. Кытайга жеткирүүлөр да өсүүдө - бул багытта дан экспортунун көлөмү үчтөн бирге көбөйдү.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

