Казакстанда автоунаа жолдорунун курулуш сапатына көзөмөл күчөтүлөт

Казакстанда автоунаа жолдорунун курулуш сапатына көзөмөл күчөтүлөт

Казакстанда автожолдордун курулушуна жана оңдолушуна көзөмөл күчөтүлөт. Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана жол тармагынын сапатын жогорулатуу Президент Касым-Жомарт Токаевдин өлкө элине жолдогон кайрылуусунда белгиленген артыкчылыктуу милдеттердин бири бойдон калууда. Ошентип, 2029-жылга чейин жергиликтүү жолдордун жакшы техникалык абалда болгон үлүшүн 95% жеткирүү пландалууда. Максатка жетүү үчүн Транспорт министрлиги жергиликтүү аткаруу бийлик органдары менен координацияны күчөтүүнү жана жол иштеринин сапатын көз карандысыз көзөмөлдөөнү кеңейтүүнү көздөйт.

Толеген Абдуллин, Транспорт министрлигинин автоунаа жолдору комитетинин төрагасы:

– Облустук, райондук маанидеги жолдор үчүн жооптуу жергиликтүү аткаруу бийликтери оңдоп-түзөө иштеринин кайсы түрүн пландаштырып, баштаганда – алар бул маселелерди тиешелүү министрлик менен макулдашат. Мындан тышкары, сапатты, көз карандысыз сапатты көзөмөлдөө боюнча маселелер биздин институт – сапат борбору тарабынан аныкталат.

Жол иштеринин сапатын жакшыртууга жаңы көзөмөл механизмдери гана эмес, ошондой эле курулуш ченемдеринин кайра каралышы жана подряддык уюмдардын жоопкерчилигинин күчөтүлүшү да өбөлгө түзөт. Бул чаралар жолдун бекемдигин жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган.

Толеген Абдуллин, Транспорт министрлигинин автоунаа жолдору комитетинин төрагасы:

– Учурда ири долбоорлорду «ачкыч тапшыруу» принциби менен ишке ашыруу ыкмасын киргизип жатабыз. Бул ыкмага ылайык, подрядчы уюм долбоорду өзү иштеп чыгып, ишке ашырат жана андан соң 5–7 жыл бою анын абалын көзөмөлдөп, күтүп-карап турууга милдеттенет. Бул — экинчи курал. Үчүнчү курал – бул, баарына белгилүү болгондой, ушул жылдын башынан берки, курулуш кодексинин алкагында кепилдик милдеттенмелери каралган жана алар курулуш ошондой эле реконструкциялоо үчүн 7 жылга чейин, оңдоо иштери үчүн 5 жылга чейин көбөйтүлгөн.

Транспорттук инфраструктураны модернизациялоо уланууда. Тактап айтканда, Көкшетау - Петропавловск 165 чакырымдык жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүүгө даярдык көрүлүүдө. Долбоорду ишке ашыруу 2027-жылы башталат. Мындан тышкары, ЕАЭБтин ички чек араларындагы 37 автоунаа өткөрүү пункту модернизацияланууда. Төрт объект ушул жылы, калган 33ү кийинки жылы аяктайт. Бул чаралар транспорттук байланыштын натыйжалуулугун жогорулатууга да багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков