Казакстанда 3,5 миллиондон ашык бала кошумча билим менен камтылган

Казакстанда 3,5 миллиондон ашык бала кошумча билим менен камтылган

Казакстанда балдарды кошумча билим менен камтуу көрсөткүчү 90%га жетип, 3,5 миллиондон ашык бала өз кызыгуусу боюнча таалим алды. Бул ийримдердин колдонууга жарамдуулугу жана адамдык капиталды өнүктүрүүнүн маанилүү механизми. Астанада жергиликтүү ийрим жетекчилери кошумча билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын, анын мазмуну жана методикалык ыкмаларын жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Адистер санариптик технологиялар жана жасалма интеллект мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, окуучулардын бул багыттагы үзгүлтүксүз билим алуу траекториясын өнүктүрүүгө артыкчылык берип жатышат.

Станислав Котов, кошумча билим берү жана бала саламаттыгы илимий-изилдөө лабораториясынын жетекчиси:

– Бизде көптөгөн багыттар камтылган, мисалы, ар кандай 3D санариптештирилген чечимдер, робототехника жана башкалар. Кошумча билим ар түрдүү болоорун түшүнүү керек. Балдар өздөрү жактырган багытка тереңдеп кириши үчүн санариптештирүүнү ар тармакка киргизүү зарыл. Анткени биз бүгүн 5-10 жылдан кийин жаңы көндүмдөр менен, жаңы шартта иштеген балдарды тарбиялап жатканыбызды эске алууга тийишпиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков