Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин Бишкекте өткөн ШКУнун мааракелик
саммитинин алкагында жолугушту. Орусиянын президенти мамлекет башчысын
Курултайга шайлоону ийгиликтүү өткөргөндүгү менен куттуктап, анын жыйынтыгы
президенттин стратегиялык багытын кеңири колдоого алганын тастыктай турганын
белгиледи. Лидерлер Казакстан менен Орусия достук, ынак коңшулук жана
союздаштык маанайында көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдай турганын
белгилешти. Касым-Жомарт Токаев Владимир Путинге куттуктоосу үчүн ыраазычылык
билдирип, конституциялык реформанын алкагында жүрүп жаткан иштердин жүрүшү
тууралуу айтып берди.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Казакстандын модернизация процесси улуттук
кызыкчылыктарга ылайык улантылат. Реформаларды реформалар үчүн эч кандай шартта
жүргүзүүгө болбойт, муну биз жакшы түшүнөбүз. Биринчиден, биз өзүбүздүн
жарандарыбыздын кызыкчылыгынан чыгышыбыз керек. Азыр Өкмөт кол коюлган бардык
макулдашууларды ишке ашыруу менен алектенип жатат. Сиз туура белгилегендей,
соода алдыңкы темп менен өнүгүп жатат. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш бар. Орусия
биздин негизги инвестициялык жана соода өнөктөшүбүз бойдон калат деп ойлойм.
Казакстан менен Орусиянын лидерлери соода-экономикалык жана инвестициялык
кызматташтыкты өнүктүрүүдөн тышкары, өз ара кызыкчылык туудурган биргелешкен
долбоорлорду ишке ашырууну да талкуулашты. Ошондой эле эл аралык жана аймактык
күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Владимир Путин
мамилелердин дээрлик бардык багыттар боюнча динамикалуу өнүгүп жатканын
белгиледи.
Владимир Путин, Орусия Федерациясынын Президенти:
– Өкмөттөр аралык комиссия жигердүү иштейт, биз бул активдүүлүктү, сиздер менен болгон бардык макулдашууларыбызды аткарганы үчүн кесиптештерибизге ыраазычылык билдиришибиз керек. Мени өзгөчө кубантканы – гуманитардык чөйрөдөгү байланыштарыбыздын өнүгүшү. Казакстандан 60 миң студент Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алышат. Жакында эле Омскиде Казакстандын алдыңкы жогорку окуу жайынын филиалы ачылды. Бизде дээрлик бардык маселелер боюнча эки тараптуу жол бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков
– Өкмөттөр аралык комиссия жигердүү иштейт, биз
бул активдүүлүктү, сиздер менен болгон бардык макулдашууларыбызды аткарганы
үчүн кесиптештерибизге ыраазычылык билдиришибиз керек. Мени өзгөчө кубантканы –
гуманитардык чөйрөдөгү байланыштарыбыздын өнүгүшү. Казакстандан 60 миң студент Орусиянын
жогорку окуу жайларында билим алышат. Жакында эле Омскиде Казакстандын алдыңкы
жогорку окуу жайынын филиалы ачылды. Бизде дээрлик бардык маселелер боюнча эки
тараптуу жол бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

