Казакстан таланттуу жаштардын атаандаштыкка
жөндөмдүүлүгүн баалаган дүйнөлүк GTCI индексинде бир жылда 39 тепкичке
көтөрүлдү. Кесиптик жана техникалык чеберчилик боюнча өлкө 122-орундан
83-орунга көтөрүлдү. Буга өлкөнүн колледждердин лабораторияларын жана чеберканалардын
заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу, дуалдык окутуу системасы, техникалык
адистиктер боюнча билим берүү гранттарынын санынын көбөйүшү өбөлгө түздү. Бул
жаңы көрсөткүчкө Казакстандын WorldSkills кыймылына активдүү катышуусу жана
жумушчу адистерди даярдоо деңгээлин дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтыруу да оң
таасирин тийгизди. Бул өлкөдө кесиптик билимдер менен катар коммуникация,
критикалык ой жүгүртүү, жаңы жагдайларга ыңгайлашуу, санариптик сабаттуулук
сыяктуу универсалдуу көндүмдөрдүн эмгек рыногунда барган сайын маанилүү болуп
баратканынан кабар берет.
Жулдыз Сүлейменова, Окуу-агартуу министри:
– Дүйнөдөгү технологиялык өзгөрүүлөр кесиптердин
структурасына да таасирин тийгизүүдө. 200дөн ашык жаңы кесиптер пайда болуп,
100гө жакын кесип трансформацияланып, 125 кесипке суроо-талап азаят. Бул
тенденциялар техникалык жана кесиптик билим берүү системасынын эмгек
рыногундагы өзгөрүүлөргө алдын ала ыңгайлашуусун талап кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

