Казакстан санариптик активдер тармагын өнүктүрүүнү күчөтөт

Казакстан санариптик активдер тармагын өнүктүрүүнү күчөтөт

Казакстандын өкмөтү санариптик активдер тармагын өнүктүрүү боюнча Улуттук банк менен биргелешкен иш-аракеттер планына макулдугун берди. Документ 10 багыт боюнча 65 иш-чараны камтыйт. Аларды ишке ашыруу экономикада санариптик активдерди колдонууну кеңейтип, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга жана заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү тармакты түзүүгө өбөлгө түзөт. Бул үчүн өлкөдө зарыл болгон ченемдик база түзүлүп, Президенттин тиешелүү жарлыгы кабыл алынган. Мындан тышкары, Улуттук стратегиялык крипторезервдин көлөмү 700 миллион долларга жетти. Пландын эң маанилүү багыттарынын бири санариптик теңгени түзүү болуп саналат. Бул долбоор төлөм инфраструктурасын модернизациялоого жана өлкөнүн каржылык системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Белгилей кетсек, Казакстан учурда санариптик активдердин дүйнөлүк рыногунда позициясын бекемдеп жатат. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө биткоин казып алуу боюнча алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кирди.

Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-Министр:

– Мамлекет башчысы өлкөнүн технологиялык өнүгүүсү боюнча олуттуу милдеттерди койду. Санариптик активдер тармагы Казакстандын экономикасында таптакыр жаңы багыт болуп саналат. Санариптик активдер рыногун өнүктүрүү үчүн базалык шарттар түзүлдү. Эми бүтүндөй экосистеманы түзүү этабы жүрүп жатат. Бул инвестицияларды, жаңы технологияларды тартуу жана ата мекендик финансы секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков