Сеулга мамлекеттик сапар менен барган Касым-Жомарт Токаевди расмий тосуп алуу аземи Корея Республикасынын Президентинин резиденциясында өттү. Эки өлкөнүн лидерлери өз делегацияларынын мүчөлөрү менен тааныштырышты. Мамлекет башчысы Ардактуу коноктор китебине кол койду.
Андан кийин президенттер тар жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Касым-Жомарт Токаев Ли Чжэ Мёнго чакыруусу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, Корея Республикасы Казакстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи. Алардын эли көптөн бери достук жана өз ара түшүнүшүү байланыштары менен кызматташып келет. Өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай пикир келишпестиктер жок. Мамлекет башчылары казак-корея мамилелерин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүүгө макулдашышты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Өткөн жылы биз биринчи телефондук сүйлөшүүнү өткөрдүк, анын жүрүшүндө өз ара ишенимге жана достукка негизделген стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү улантууга макулдаштык. Бүгүн биз эки тараптуу мамилелерди келечекке багытталган комплекстүү стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгаруу боюнча макулдашууга жетиштик.
Корея Казакстандын экономикасына буга чейин 12 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Кореялык бизнес дагы казакстандык долбоорлорго инвестиция салууга даяр. Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө эле 19 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлду. Казакстан инвесторлор үчүн жагымдуу иштөө шарттарын түзүп жатканын баса белгиледи. Андан тышкары, Касым-Жомарт Токаев Астана менен Сеулдун эл аралык аренада кызматташуу деңгээлин жогору баалады – өлкөлөр глобалдык туруктуу өнүгүү жана коопсуздук боюнча окшош позицияларды ээлешет. Президент ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү үчүн негизги байланыш пункттарын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Өткөн жылы Казакстанга болжол менен 51 000 кореялык жаран келген. Бул көбүнчө эки өлкөнүн ортосундагы түз аба каттамдарынын тез өнүгүшүнө байланыштуу болду. Биз ири биргелешкен долбоорду – Алатау шаарын куруу долбоорун баштадык. Бүгүн биз Алатауда Корея эл аралык изилдөөлөр институтунун KAIST филиалын ачуу боюнча келишимге кол коюп жатабыз. Бул кадам билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыгыбыздын тереңдешине жаңы дем берет деп ишенем.
Өз кезегинде Корея Республикасынын Президенти кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон берилгендигин ырастап, эки өлкөнүн тышкы саясаттагы артыкчылыктарынын окшоштугун билдирди.
Ли Чжэ Мён, Корея Республикасынын Президенти:
– Казакстан экономикалык коопсуздук жаатындагы биздин маанилүү өнөктөшүбүз. Өлкө энергетика жана жаратылыш ресурстарына гана бай эмес, ошондой эле келечектүү жогорку технологиялык тармактарда олуттуу дараметке ээ. Биз Казакстандын өнөр жайын алдыңкы өнөр жай жана санариптик технологияларыбыз аркылуу модернизациялоону колдоого даярбыз. Алдын ала айтууга мүмкүн болбогон эл аралык шарттарда биздин өлкөлөр кызматташууну күчөтүп, бири-биринин күчтүү жактарын жана потенциалын бириктирип, өз ара пайдага негизделген биргелешкен өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү активдүү түрдө түзүшү керек.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин, мамлекет башчыларынын катышуусунда расмий делегациялардын мүчөлөрү 12 өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документ менен алмашышты. Бул документтер мунай тармагындагы, илим жана технологиядагы, атомдук энергияны тынчтык максатында пайдалануудагы, интеллектуалдык менчиктеги, аба кыймылындагы жана маданияттагы кызматташтыкты камтыйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

