Казакстан менен Орусия Омскиде 833 млн долларлык келишим түзүштү

Казакстан менен Орусия Омскиде 833 млн долларлык келишим түзүштү

Омск шаарында өткөн Орусия–Казакстан аймактар аралык кызматташуу боюнча XXII форумунун алкагында 833 миллион долларлык келишимдерге кол коюлду. Кеңири масштабдагы иш-чара Орусиянын 8 облусунун жана коңшу мамлекеттин 17 аймагынын өкүлдөрүн бириктирди. Форумдун аянтчаларында ишкердик жолугушуулар, тармактык жыйналыштар, көргөзмө өттү — катышуучулар бардык жерде кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты. Алардын арасында суу аркылуу жүк ташуу да бар. Казакстан менен Орусия дарыя аркылуу жүк ташууларын ишке киргизүү үчүн жумушчу топ түзүүнү көздөп жатат жана Иртыш дарыясынын маанилүү транспорттук каттам макамын кайтарууну пландаштырууда.

Айдос Шайхислам, «Атамекен» УЭПнын убактылуу жетекчиси, Павлодар облусу:


– Негизги маселе — Иртыш дарыясы боюнча жумушчу топ түзүү болду. Буга үч мамлекет — Орусия, Кытай жана Казакстан катышат. Бул ишке аша турган долбоор. 2024-жылга жол картасы бар болчу, эми Өкмөттүн колдоосу зарыл. Азыркы тапта дарыянын түбүн тереңдетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.


Владимир Витченко, Туристтик Ассациациянын төрагасы, Түштүк Казакстан облусу:


- Эки меморандумга кол коюлду жана бул меморандумдар түздөн-түз практикалык мүнөзгө ээ. Бирөө Омск облусу үчүн, экинчиси Тюмень облусу үчүн. Албетте, биздин милдет — Орусиянын аймактарынан көбүрөөк туристтерди тартуу.


Казакстан Омск облусунун негизги соода өнөктөштөрүнүн бири катары калууда. Жыл башынан бери товар жүгүртүү 18% өсүп, 136,5 миллион долларга жетти. Биздин өлкөдөн экспорт 33 миллион долларга чейин жогоруласа, Омск облусунан берүүлөр 13% өскөн. Форумдун катышуучулары башкы милдет — оң динамиканы сактап калуу жана кызматташуунун жаңы багыттарын өнүктүрүү экенин белгилешүүдө.

Которгон: Назира Бегалиева