Казакстан менен Кытай жаңы заводдорду куруу маселесин талкуулашты

Казакстан менен Кытай жаңы заводдорду куруу маселесин талкуулашты

Казакстан менен Кытай жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизип жатат. Актөбе, Атырау, Караганда жана өлкөнүн башка шаарларында тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү жана энергетикалык колдонуучу заманбап ишканалар пайда болот. Ушундай эле объектилер Астана, Алматы жана Шымкентте курулуп жатат. Өлкөнүн Премьер-министри Кытайдын «China Tianying» компаниясынын жетекчиси Дэбяо Цао менен мындан аркы экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулады. Уюмдун технологиялык чечимдери алдыңкы европалык экологиялык стандарттарга жооп берет, ал эми бул тармактагы тажрыйбасы 20 жылдан ашат. Олжас Бектенов Казакстан менен Кытай лидерлеринин тыгыз өз ара аракеттенүүсү аркасында өлкөлөр ортосундагы кызматташтык чыңдалып жатканын белгиледи. Учурда эки тараптуу өнөктөштүктүн алкагында 13 миллиард доллардан ашык суммага 77 долбоор ишке ашырылып, дагы 269 демилге келечектеги портфелге киргизилген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков