Казакстан менен Израиль соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөшүүдө. Бул маселелерди Президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Ицхак Герцог Бакуда өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин алкагында талкуулашты. Мамлекет башчысы Израиль президентинин Астанага чын куран айындагы сапары эки өлкөнүн мамилелерине жаңы дем бергенин белгиледи. Ицхак Герцог өз кезегинде Казакстандын өнүгүүсү өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кошумчалады. Израилдин президенти ошондой эле өлкөнүн Тынчтык кеңешине кошулушун кубаттады. Тараптар эл аралык күн тартиби, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Касым-Жомарт Токаев Казакстандын чыңалууну азайтуу жана жаңжалдарды дипломатиялык жол менен жөнгө салуу зарылчылыгы боюнча принципиалдуу позициясын ырастады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

