Казакстан менен Германия технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Казакстан менен Германия технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Электр тармактарын модернизациялоо, өнөр жайды санариптештирүү жана маалымат борборлорун куруу – Siemens Казакстандагы жаңы долбоорлорго катышууга даяр. Бул маселелерди Президент Касым-Жомарт Токаев Мюнхенде компаниянын вице-президенти Бернд Ульбрихт менен талкуулады. Бул жаңы технологияларды киргизүү гана эмес. Казакстан өзүнүн өндүрүштүк, инженердик жана тейлөө кубаттуулуктарын түзүүгө кызыкдар. Мындай долбоорлордун бири учурда ишке ашырылууда. Siemens жана казакстандык Silk Road Electronics компаниясы Qarmet металлургиялык комбинатынын жабдууларын модернизациялап жатышат. Тараптар медициналык технологиялар жана экологиялык мониторинг чөйрөсүндөгү кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн карашты.


Linde компаниясы Казакстандагы жаңы долбоорлорго 500 миллион долларга чейин инвестиция салууну пландап жатат. Тактап айтканда, Темиртауда Qarmet менен биргеликте абаны бөлүүчү орнотмо куруу пландалууда. Касым-Жомарт Токаев компаниянын улук вице-президенти Оливер Пфанн менен кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулады. Мамлекет башчысы Атырау жана Маңгыстау облустарындагы мунай-химия жана химия кластерлеринин өнүгүшү тууралуу айтып берип, Linde компаниясын бул тармактардагы долбоорлорго кошулууга чакырды. Компания өлкөдө жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө даяр экендигин билдирди.


Казакстан менен Aurubis тоо-кен жана металлургия тармагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөп жатышат. Касым-Жомарт Токаев менен компаниянын байкоочу кеңешинин төрагасы Фриц Варенхольттун жолугушуусунда «Тоо-Кен Самрук» улуттук компаниясы менен Aurubisтин жезди кайра иштетүү жана рециклинг жаатындагы кызматташтыгына өзгөчө көңүл бурулду. Келечекте жез камтыган чийки затты тереңирээк кайра иштетүү, кошумча металлдарды алуу жана кийинки иштетүүчү өндүрүштөрдү локалдаштыруу жөнүндө сөз болушу мүмкүн. Бул жогорку кошумча нарктуу өнүмдөрдү чыгарууну көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков