Казакстан Ливандагы БУУнун миссиясына тынчтык орнотуучуларды жөнөттү

Казакстан Ливандагы БУУнун миссиясына тынчтык орнотуучуларды жөнөттү

Казакстандык тынчтык орнотуучулар Бириккен Улуттар Уюмунун сактоо миссиясына катышуу үчүн Ливанга келишти. Жаңы курам, тактап айтканда, республиканын Куралдуу күчтөрүнүн 11 аскери Индиянын аскердик контингентинин курамында кызмат өтөшөт. Өлкөнүн түштүгүндө алар ок атышууну токтотуу режимин камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды аткарышат. Аймактарды көзөмөлгө алып, колонналарды коштоп, объектилерди кайтарышат, жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү менен өз ара кызматташат. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мандатына ылайык аймактагы туруктуулукту сактоого көмөктөшөт. Жөнөтүү алдында аскер кызматкерлери эл аралык стандарттарга ылайык бардык зарыл болгон даярдыктан өтүштү, гуманитардык укуктун ченемдерин үйрөнүштү, тил жөндөмдөрүн өркүндөтүштү жана заманбап тынчтыкты сактоо операцияларынын шарттарында машыгышты. Казакстан үчүн бул Ливандагы улуттук контингенттин он биринчи ротациясы. Кызмат жылдарында казакстандык тынчтык орнотуучулар миссиянын командачылыгынан жана эл аралык өнөктөштөрдөн жогорку баага татыган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков