Казакстан Каспий деңизинин түбү менен кабель тартуунун негизги этабын аяктады

Казакстан Каспий деңизинин түбү менен кабель тартуунун негизги этабын аяктады

Казакстан Каспий деңизинин түбүндө була-оптикалык байланыш линиясын куруунун негизги этабын аяктады. Суу астындагы кабель биздин өлкөнүн жээгине ийгиликтүү жетти, долбоордун эң татаал бөлүгүнүн аякташын белгиледи. Эске салсак, долбоор өткөн жылы башталып, аны Казакстан менен Азербайжандын компаниялары биргеликте ишке ашырууда. Адистер инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүп, оптималдуу маршрутту аныкташты жана кабелди сынашты. Деңизде курулуш теке айында башталган. Динамикалык жайгаштыруу системасы менен иштеген атайын кеменин жардамы менен 24 саат бою иш жүргүзүлгөн. Ал катуу деңиз шартында да жогорку деңгээлдеги тактыкты камсыз кылат. Транскаспий линиясы Казакстан менен Азербайжандын санариптик инфраструктурасын бириктирет жана Азия менен Европанын ортосундагы түздөн-түз жогорку ылдамдыктагы маалымат өткөрүү коридору болот. Мындан тышкары, коридор жасалма интеллектти, булут  технологияларын жана заманбап маалымат борборлорун мындан ары өнүктүрүү үчүн негиз болот. Куруучулар кабелди жээктеги инфраструктурага туташтыруу иштерин башташты. Казакстандын өкмөтүнүн маалыматына ылайык, жер үстүндөгү инфраструктуранын курулушун бүтүрүү жана системаны сыноодон өткөрүү ушул күзгө пландалган.

Которгон: Назира Бегалиева