Казакстан үчүн Silk Way Star эл аралык музыкалык долбоорунун
экинчи сезону жеңиш менен башталды. Эске салсак, быйыл ал Кытайдын Иу шаарында
өтүп жатат. Өлкө катышуучусу Рухия Байдукенова казак элинин «Булбул» ырын
аткарып, алгачкы турдун жыйынтыгы боюнча биринчи орунду ээледи.
Музыкалык шоунун премьералык чыгарылышы Кытайдын
CCTV-3 жана CCTV-15 телеканалдарында, ошондой эле медиакорпорациянын санариптик
платформаларында көрсөтүлдү. Белгилей кетсек, сынакка 12 өлкөнүн - Казакстан,
Кытай, Кыргызстан, Орусия, Түркия, Вьетнам, Сербия, Түштүк Африка Республикасы,
Малайзия, Жаңы Зеландия, Бразилия жана Грузиянын аткаруучулары катышууда. Долбоорду
Казакстандын Президентинин Телерадиокомплекси жана China Media Group ишке
ашырууда.
Рухия Байдукенова, Silk Way Star
катышуучусу /Казакстан/:
- Эл аралык аренада
өз өлкөмдү таанытуу – бул мен үчүн чоң сыймык жана ошол эле учурда чоң
жоопкерчилик. Мага ишенип тапшырылган милдетти аткаруу үчүн, колумдан келгендин
баарын жумшап иштөөгө аракет кылам. Эл аралык коомчулукка улуттук
аспаптарыбызды, алардын добушун тааныштыргым келет, ошондуктан музыкалык
чыгармаларыбызга казак домбрасынын жана ооз комуздун үнүн, комузчулардын ырдоо
ыкмасынын элементтерин коштук. Долбоордун алкагында салттуу казак ырларын жаңы,
заманбап аранжировкада сунуштагым келет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

