Казакстан Арал деңизин калыбына келтирүү жана Каспий деңизин сактоо боюнча ишин күчөтүүдө

Казакстан Арал деңизин калыбына келтирүү жана Каспий деңизин сактоо боюнча ишин күчөтүүдө

Казакстан Түндүк Аралды калыбына келтирүү иштерин улантууда. Акыркы 20 жылда суу сактагычтын аянты үчтөн бир бөлүгүнөн ашык, ал эми суунун көлөмү дээрлик эки эсеге өстү. Азыр Дүйнөлүк банк менен биргеликте долбоордун кийинки этабы даярдалууда. Ал Көкарал тосмосун реконструкциялоону карайт. Ошентип, 5-6 жылдын ичинде деңиздин аянтын дээрлик 4 миң чарчы чакырымга, ал эми суунун көлөмүн 34 миллиард кубометрге чейин көбөйтүү пландалууда. Муну менен катар кургап калган түбүн жашылдандыруу улантылууда. Иштер буга чейин миллион гектардан ашык аянтты камтыган. Эми Түндүк Аралды мындан ары калыбына келтирүү Сырдарыя аркылуу суунун туруктуу агымына жана Казакстандын коңшу мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүсүнө көп жагынан көз каранды.

Жандос Салимов, Суу ресурстары жана ирригация  вице-министри:

– Трансчегаралык суу маселелери боюнча Казакстан бардык коңшу мамлекеттер менен келишимдик-укуктук базаны иштеп чыгууну аяктады, анын алкагында туруктуу өз ара аракеттенүүнү жана координациялоону камсыз кылуучу эки тараптуу комиссиялар түзүлдү жана иштеп жатат. Мисалы, былтыр Өзбекстан Республикасы менен чек ара аралык суу объектилерин биргелешип башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча келишимге кол коюлган. Бул документ 10 жылга созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынды. Түзүлгөн суу дипломатиясынын жана Сырдарыядагы суу сактагычтарды эксплуатациялоонун макулдашылган режиминин аркасында биз акыркы жылдары Түндүк Арал деңизине суу аз болгон мезгилде да суунун туруктуу агымын камсыз кыла алдык.

Өкмөт да Каспий деңизин сактап калуу аракеттерин күчөтүүдө. Казакстан деңиз жээгиндеги өлкөлөр менен бирдикте мамлекеттер аралык программаны иштеп чыгууда, илимий кызматташтыкты кеңейтүүдө, мониторинг системаларын жакшыртууда. Деңиз деңгээлинин төмөндөшүнүн кесепеттерине, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана булганууну көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурулууда. Деңиз жана жээк экосистемаларын сактоо боюнча долбоорлор да БУУнун Өнүктүрүү программасы жана башка эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков