К.Токаев Улуу Британиянын соода боюнча мамлекеттик министрин кабыл алды

К.Токаев Улуу Британиянын соода боюнча мамлекеттик министрин кабыл алды

Акордада Президент Касым-Жомарт Токаев Улуу Британиянын соода боюнча мамлекеттик министри Лорд Анас Сарварды кабыл алды. Жолугушууда соода, инвестиция, энергетика, транспорт, логистика, санариптештирүү жана жасалма интеллект тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Өткөн жылы эки тараптуу сооданын көлөмү 83%га өсүп, 1,6 миллиард доллардан ашты. Казакстанда 500дөн ашык британиялык компания иштейт. Тараптар ошондой эле академиялык алмашууларды кеңейтүүнүн жана биргелешкен билим берүү демилгелерин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Мамлекет башчысы Казакстан Улуу Британия менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи. Касым-Жомарт Токаев Улуу Британиянын премьер-министри Эндрю Бёрнэмди Казакстанга иш сапары менен келүүгө чакырды. Өз кезегинде Лорд Сарвар өлкө менен стратегиялык өнөктөштүк туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков