Омск шаарында Мамлекет
башчысы Владимир Путин менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев Орусия менен
Украинанын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча өз позициясын билдирди.
Казакстандын Президенти жаңжалды убактылуу токтотуп, «Стамбул формуласы 2.0»
алкагындагы сүйлөшүүлөргө кайтып келүүнү сунуштады.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
– Мага кайрылып
жатышкандан кийин, менин жеке пикирим боюнча: балким, бул чыр-чатакты токтотуп, кайрадан «Стамбул
формуласы 2.0» алкагындагы сүйлөшүүлөргө кайтып келүүгө убакыт келди. Анткени
анда олуттуу натыйжаларга жетишилген. Андан соң, Орусияны кошкондо, ири державалардын
кепилдиктери алдында көптөн күткөн тынчтыкка карай кадам таштоо зарыл. Кырдаалдан
кантип чыгуу керектигин эч ким билбейт. Анткени тараптардын өз позициялары бар.
Бирок экинчи жагынан, бул процессти убактылуу токтотуп коюуга мүмкүнчүлүк бар.
Бул эл аралык практикада колдонулуп келген ыкма. Анткени жаштардын каза болуп
жатканы, албетте, өкүнүчтүү.
Казакстандын Президенти
Орусия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди бекемдөөгө
берилгендигин ырастады. Ошондой эле XXII Аймактар аралык кызматташтык форуму
казак-орус кызматташтыгынын негизги багыттары боюнча мазмундуу диалогду
улантууга жакшы мүмкүнчүлүк экенин билдирди. Аны өнүктүрүү боюнча мындан аркы
кадамдарды аныктоого шарт түзөрүн белгиледи.
Которгон: Назира Бегалиева

