К.Токаев Казакстандын транспорттук-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүнү күчөтүүнү тапшырды

К.Токаев Казакстандын транспорттук-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүнү күчөтүүнү тапшырды

Казакстан транзиттик жүк ташуу көлөмүн көбөйтүүнү көздөйт. Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине кайрылуусунда өлкө үчүн маанилүү багыттардын бири катары транспорттук-логистикалык дараметти өнүктүрүүнү белгиледи. Мында автоунаа жана темир жол каттамдарынан тышкары, өлкө авиациянын мүмкүнчүлүктөрүн да натыйжалуу пайдаланууга умтулат. Касым-Жомарт Токаев Европа менен Азиянын ортосундагы аба каттамдарынын стратегиялык ролун белгиледи. Алардын өнүгүшү өлкөнүн транзиттик кирешесин көбөйтүп, ата мекендик авиакомпаниялардын позициясын бекемдеп, чет элдик өнөктөштөрдү тартууга мүмкүндүк берет. Бул үчүн аба кемелерин жер үстүндө тейлөө системасын өркүндөтүү, санариптик технологияларды киргизүү жана транспорттук инфраструктураны жаңылоо зарыл. Мындай чаралар жүктөрдү иштетүү убактысын кыскартып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жана Казакстандын эл аралык жүк ташуу рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет

Дидар Тебаев, Казакстан коомдук өнүгүү институтунун серепчиси:

–  Мамлекет башчысы инфраструктураны өнүктүрүүгө басым жасады. Ошондой эле ал транспорт-логистика тармагында азыр тарыхый мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи. Ал эми бул өнүгүү биздин экономиканы, экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, жогорку кошумча нарктуу өнүмдү чыгарган өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө басым жасоо зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков