Казакстандын Президенти АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын делегациясын кабыл алды.
Мамлекет башчысы жогорку конокторду тосуп жатып, алардын бир палаталуу
Курултайга шайлоодон кийинки сапарынын символикалуулугун баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев муну өлкөнү саясий жактан модернизациялоонун жаңы этабын
белгилеген тарыхый окуя деп атады. Бир палаталуу Курултай мыйзам чыгаруу
процессин натыйжалуу кылып, мыйзам жаратуу ишинин сапатын жогорулатууга
багытталган. Мында парламенттик дипломатия жаңы орган үчүн маанилүү иш багыты
болот. АКШ Конгрессинин мүчөлөрү менен Курултайдын мүчөлөрүнүн ортосундагы
конструктивдүү жана мазмундуу диалог казак-америкалык өнөктөштүктү тереңдетүү
үчүн чоң мааниге ээ. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Майамиге алдыдагы сапары
кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет деп ишенимин
билдирди.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
–
Биздин кызматташтыгыбыз комплекстүү мүнөзгө ээ жана саясий диалог. Экономикалык
өз ара аракеттенүү, ошондой эле глобалдык тынчтык жана коопсуздук маселелери
боюнча кызматташтыкты камтыйт. Мен Казакстан-Америка кызматташтыгын мындан ары
бекемдөөгө Конгресстеги эки тараптуу колдоону жогору баалайм. Бул
биздин өнөктөштүгүбүздүн стратегиялык ырааттуулугун камсыз кылуу үчүн өтө
маанилүү.
Касым-Жомарт
Токаев эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер Президент Дональд Трамп менен
конструктивдүү жана ишенимдүү диалогдун аркасында мурда болуп көрбөгөндөй
жогорку деңгээлге жеткенин баса белгиледи. Өлкөлөр көп тараптуу форматта
жемиштүү кызматташууда. Буга Казакстандын глобалдык жана аймактык туруктуулукту
чыңдоо боюнча америкалык демилгелерди, анын ичинде Тынчтык кеңешинин жана Авраам келишимдеринин
колдоосу айкын далил. Мындан тышкары, биздин өлкө жана АКШ ядролук коопсуздукту
жана жайылтпоо режимин бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт. Өз кезегинде,
америкалык делегациянын башчысы, конгрессмен Джейсон Смит Касым-Жомарт Токаевге
кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, АКШ президентинин жылуу саламын
жеткирди.
Джейсон
Смит, АКШ Өкүлдөр палатасынын Бюджет жана салыктар боюнча комитетинин төрагасы:
– Бүгүн түн ортосунда мага президент Дональд Трамп
телефон чалды. Мен бир нече сааттан кийин сиз менен жолугушууга бара жаткандыгымды
айттым. Ал сизге эң жылуу саламын жеткирүүнү суранды жана ыраазычылыгын
билдирди. Мен Америка Кошмо Штаттарынын Өкүлдөр палатасынын Бюджет жана
салыктар боюнча комитетинин төрагасымын. Биздин комитет Конгресстеги эң
эскилерден. Биз Америка өкмөтүнүн бардык кирешелерин көзөмөлдөйбүз. АКШ менен
сиздин кооз өлкөңүздүн ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары
өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун табууга умтулабыз.
Которгон: Назира Бегалиева

