Президенттин
Телерадиокомплексинин «Хроникадан келечекке» аттуу республикалык кинолекторийи
өлкө тургундарын даректүү кинолор менен тааныштырууну улантууда. Кезектеги
көрсөтүү Жезказган шаарында өттү. Программага төрт тасма киргизилген. Алгач
көрүүчүлөр «Арал» тасмасын көрүштү. Анда Арал деңизинин тарыхы жана өмүрүнүн
дээрлик жарым кылымын балык уулоого арнаган Күнтуган Тургынбаевдин тагдыры баяндалат. Ошондой
эле 2025-жылдын бештин айында мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин Жапонияга
болгон сапарынын жыйынтыктарына арналган «Күчтүү өнөктөш» тасмасы көрсөтүлдү. Көрсөтүүгө
көп сандаган көрүүчүлөр катышты. Көрүүчүлөрдүн айтымында, тасмалар маанилүү
окуяларга жана Казакстандын тарыхына жаңы көз караш менен кароого мүмкүнчүлүк
берет. Көрсөтүүнүн экинчи күнүндө жезказгандыктар «Жолборс» жана «Серт»
тасмаларын көрө алышат.
Елтынды Дүйсенбаев, Жезказган шаарынын
тургуну:
– Мага өзгөчө Арал
тууралуу тасма жакты. Анда деңиздин тагдырын гана эмес, ушул аймакта жашаган
адамдардын турмушун да көрсөтүп, кеңири ачып бере алышкан. Бир балыкчынын
тарыхы бүтүндөй жергиликтүү калктын татаал тагдырынын чагылдырылышы болуп
калган. Чынында, Аралдын жана аны калыбына келтирүүнүн тагдырын бүткүл дүйнөнүн
тагдыры деп айтууга болот. Бул бүгүнкү күндө көтөрүлүп жаткан абдан маанилүү
тема.
Которгон: Назира Бегалиева

