Билим берүүнү, илимди жана инновацияларды өнүктүрүү мамлекеттин
стратегиялык артыкчылыгы болуп саналат. Бул Казакстандын Жаңы Конституциясында
жазылган. Азыркы дүйнөдө адам капиталынын маанилүүлүгүн баалап бүтүү мүмкүн
эмес, деп эсептейт «Болашак» Ассоциациясынын Кеңешинин төрагасы. Ошол эле
учурда, Жанибек Катреновдун пикири боюнча, бүгүнкү күндө квалификациялуу
кадрларды даярдоо гана эмес, алардын билими жана иштеп чыгуулары практикада
колдонулушу үчүн шарттарды түзүү да маанилүү. Бул үчүн дарамет мурдатан эле
калыптанган. «Болашак» программасынын 13 миңден ашык бүтүрүүчүсү экономиканын
ар кайсы тармактарында иштеп жатышат. Кийинки кадам – университеттердин,
бизнестин жана мамлекеттин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн түзүү, ошондо билим
берүү программалары өндүрүштүн суроо-талаптарына жооп берет, ал эми илимий
иштеп чыгуулар практикалык колдонууга ээ болот.
Жанибек Катренов, «Болашак» Ассоциациясынын кеңешинин төрагасы:
– Конституциянын үчүнчү беренесинде билим
берүүнү, илимди жана инновацияларды өнүктүрүү мамлекеттин стратегиялык багыты
болуп саналат деп айтылат. Бизнес бул билим берүү программаларын түзүүгө
катышкан. Университеттер өндүрүштүн талаптарын жана күтүүлөрүн түшүнүшү керек. Мамлекет
илимдин жана инновациялардын өнүгүшү үчүн шарттарды түзүшү керек.
Жаңы Конституция жаш окумуштуулар жана
алардын илимий изилдөөлөрү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мындай
пикирин Мухтар Ауэзов атындагы Адабият жана искусство институтунун Кол жазмалар
жана текстология борборунун мүдүрү билдирди. Аскар Турганбаев белгилегендей,
бүгүнкү күндө илим чөйрөсүн каржылоого, ЖОЖдордогу узак мөөнөттүү изилдөө
долбоорлорун колдоого жана квалификациялуу ата мекендик адистерди даярдоого
өзгөчө көңүл бурулууда.
Аскар Турганбаев, адабият, искусство институтунун китептер жана текстология бөлүмүнүн мүдүрү:
– Чоң максаттарды койгондо, аларды ишке ашыруунун жолдорун туура аныктоо маанилүү. Мисалы, ар бир эле илимий долбоор эки-үч жылда жыйынтык бербейт – бул үчүн узак изилдөөлөр талап кылынат. Жакшы окумуштуу да көп жылдык эмгектин натыйжасында калыптанат. Ошондуктан, азыркы учурда эң башкысы – жаш окумуштууларды даярдоо, алардын өнүгүүсү үчүн стимулдарды жана шарттарды түзүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

