Эксперт: саясий модернизация Казакстандын инвестициялык потенциалын жогорулатат

Эксперт: саясий модернизация Казакстандын инвестициялык потенциалын жогорулатат

Казакстандын саясий модернизациясы жана өлкө башчысы жүргүзүп жаткан реформалар мамлекет менен коомдун өз ара аракеттенүү принциптерин өзгөртүп, жарандардын мамлекеттик башкаруу тутумунда чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти бөлүштүрүп жатканын Казакстандын коомдук өнүгүү институтуна караштуу Институционалдык талдоо жана реформалар борборунун мүдүрү Риззат Тасым белгилейт. Республика күнүнүн алдында серепчилер өлкөнүн жетишкендиктери тууралуу айтып жатышат. Ошентип, жаңы Конституция мамлекеттик институттардын иштөө принциптерин аныктап, жарандардын укуктары менен эркиндигинин кепилдиктерин бекемдеп, коомдук катышуу механизмдерин кеңейтти. Ал эми реформалардын маанилүү багыттарынын бири коомдук диалогду өнүктүрүү болду. Элдик Кеңеши конституциялык макамга жана мыйзам чыгаруу демилгеси укугуна ээ болду. Мындан тышкары, ишке киргизилген «Е-Өтүнүч» кайрылуулар системасы жарандарга көйгөйлөр тууралуу түздөн-түз билдирүүгө жана чечимдерди сунуштоого мүмкүндүк берет.

Риззат Тасым, Казакстандын Коомдук өнүгүү институтуна караштуу Институционалдык талдоо жана реформалар борборунун мүдүрү:

– Бириккен Улуттар Уюмунун электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча рейтингинде Казакстан дүйнөдөгү эң мыкты 25 өлкөнүн катарына кирет, ал эми онлайн кызматтар боюнча ондукка кирет. Бул онлайн петиция куралдарын, ошондой эле «Е-Өтүнүч» түз кайрылуулар механизмин өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Бул механизмдер мамлекеттин конструктивдүү диалогду өнүктүрүп жатканын жана калктын мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга катышуусун жеңилдеткен инновациялык ыкмаларды колдонуп жатканын көрсөтөт.

Казакстандын эл аралык позицияларына да өзгөрүүлөр таасир этет. Өлкө санариптик атаандаштык рейтингинде алдыңкы 40 орунга кирди. Серепчинин пикири боюнча, мамлекеттик башкаруунун так механизмдери саясий системанын алдын ала айтууга мүмкүнчүлүгүн жогорулатат жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдейт. Анын айтымында, реформалар экономикалык көрсөткүчтөргө да таасирин тийгизет.

Риззат Тасым, Казакстандын Коомдук өнүгүү институтуна караштуу Институционалдык талдоо жана реформалар борборунун мүдүрү:

– Өткөн жылы 300 миллиард доллардан ашкан тарыхый рекордго жетишилген. Түздөн-түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 160 миллиард долларды түздү. Акыркы 2 жыл ичинде эле ал 2 эсеге өстү. Ал эми эл аралык агенттиктер Казакстандын каржылык туруктуулугунун рейтингин жогорулатышты. Менимче, саясий реформалар менен экономикалык өзгөрүүлөрдүн бул симбиозу өз жемишин берүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков