Казакстанда Курултайга
шайлоого 777 аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочу көз салды. Алардын 300дөн
ашыгы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Демократиялык
институттар жана адам укуктары боюнча бюронун, ошондой эле ЕККУнун жана Европа
Кеңешинин Парламенттик ассамблеяларынын өкүлдөрү болушкан. Эксперттер шайлоо
өнөктүгүнүн жүрүшүнө, шайлоо комиссияларынын ишине, партиялар үчүн түзүлгөн
шарттарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердигине баа беришти.
Байкоонун жыйынтыгында алар шайлоонун техникалык жактан өз убагында
даярдалганын жана жарандарга жетиштүү маалымат берилгенин белгилешти. Ошондой
эле шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүнө оң баа беришти. Мындан тышкары,
БШКнын ачык ишмердигине, партиялардын каржылык отчеттуулугуна, улуттук жана эл
аралык байкоочулардын ишине өзгөчө көңүл бурулду. Бул багыттардын бардыгы
шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылган маанилүү элементтер катары
бааланды.
Севилай Челенк, Европа
Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын байкоочулар делегациясынын башчысы, Түркия:
– Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы үчүн
шайлоолорду байкоо жөн гана техникалык процедура эмес. Биз шайлоо процесси
чыныгы атаандаштыкты, катышуучулар үчүн тең шарттарды жана ачык-айкын,
ишенимдүү системада саясий укуктарды натыйжалуу ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн
камсыз кылабы же жокпу, баалайбыз. Казакстан элине биздин бүткүл сапарыбыз
учурундагы абдан жылуу жана меймандос кабыл алуусу үчүн чын жүрөктөн
ыраазычылык билдирем.
Винсент Пикет, ЕККУнун
Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун миссия башчысы, Нидерланды:
– Биздин байкоолорубуз
көрсөткөндөй, борбордук, аймактык жана жергиликтүү деңгээлдеги шайлоо
комиссиялары шайлоону кесипкөйлүк менен даярдап, мыйзамда белгиленген
мөөнөттөрдү сакташты. БШК болжол менен 74 миң кызматкерди кеңири масштабда
окутуп, шайлоочулар үчүн чоң маалыматтык кампания өткөрдү. Мындан тышкары,
комиссиялар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шайлоо участокторунун
жеткиликтүүлүгүнө да көңүл бурушту.
Которгон: Назира Бегалиева

