E-Densaulyq Казакстандагы бардык медициналык маалыматтарды жана кызматтарды бириктирет

E-Densaulyq Казакстандагы бардык медициналык маалыматтарды жана кызматтарды бириктирет

E-Densaulyq бирдиктүү экосистемасы 20дан ашык мамлекеттик медициналык маалыматтык тутумдарды бириктирет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, чын куран айынан тарта медициналык маалыматтардын санариптик кампасы пилоттук режимде иштеп жатат. Эми бейтапка ар бир кайрылганда бир эле маалыматтарды кайталап айтуунун кажети жок, алар бир жолу жана биротоло бекитилет. Ошол эле учурда бейтапканалардын иштөө ыкмалары да өзгөрүүдө. Дарыгерлерге жана балдар дарыгерлерине өз алдынча жазылуунун үлүшү үч эседен ашык көбөйүп, 73 пайызга, ал эми профилдик адистерге жазылуу – 66 пайызга жетти. Жазылуу дароо 60 күнгө алдын ала жеткиликтүү. Мындан тышкары, 13 түрдүү медициналык маалым каттар санариптик форматка которулду. Эки жылдын ичинде 680 тез жардам бөлмөсү ачылып, жардам көрсөтүү үчүн миңге жакын мобилдик бригадалар түзүлгөн. Бул бейтапканаларга кайрылуулардын бир бөлүгүн кабыл алууга мүмкүндүк берет, бул тез жардам кызматынын жүгүн азайтат. ¤

Гульнара Сарсенбаева, саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын мүдүрү:

– Дарыгердин ишин жеңилдетүү үчүн медайымдардын кабыл алуусу киргизилген. Кеңейтилген практикадагы медайымдар кабыл алууларды жүргүзүшөт, алар өздөрүнө бекитилген калкты билишет, жарандардын динамикалык байкоо жүргүзүүгө тийиш болгон категориялары бар экендигин билишет, кайрадан анализ тапшырышы керек болгон бейтаптардын кабыл алуусун алдын ала пландаштырып, аларга телефон чалып, чакырышат жана тиешелүү жолдомолорду беришет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков