Чек арасыз медицина: Казакстан менен Жапония тажрыйба алмашууда

Чек арасыз медицина: Казакстан менен Жапония тажрыйба алмашууда

Жапон профессору Атсуюки Яматака Казакстандагы балдар хирургиясынын жогорку деңгээлин белгиледи. Балдардын тубаса кемтиктерин дарылоо боюнча дүйнөгө белгилүү адис ата мекендик дарыгерлердин кесиптик даярдыгына да басым жасады. Астанага Атсуюки Яматака казакстандык адистер үчүн уникалдуу мастер-класстарды өткөрүү үчүн экинчи жолу келди. Бир жуманын ичинде №2 шаардык балдар ооруканасынын хирургдары менен биргеликте татаал урологиялык жана проктологиялык операцияларды жасашат.


Атсуюки Яматака, Медицина илимдеринин доктору, Токио хирургиялык клиникасынын мүдүрү:


– Казакстанга келген сайын медицинанын канчалык өнүккөнүн байкайм. Дарыгерлер ар дайым жаңы билим алууга умтулушат, бул абдан маанилүү. Бул жерде керектүү жабдуулар бар. Бүгүн эртең менен биз тубаса патологиясы бар кичинекей бейтапка операция жасадык. Биз ага жардам бере алдык. Эң негизгиси - дайыма байланышта болуп, тажрыйба алмашуу.


Динат Кожекенов, №2 шаардык көп профилдүү балдар ооруканасынын мүдүрүнүн орун басары:


– Биздин дарыгерлер да башка өлкөлөргө барып, тажрыйбаларын бөлүшүп, бир эле ооруну дарылоодо жаңы ыкмаларды ойлоп табышат. Кээ бир ыкмалар анчалык деле инвазивдүү эмес, башкача айтканда, чоң тилик  жасабай, тез калыбына келтирүү жагынан кандайдыр бир башка ыкмаларды аткарышы мүмкүн.


Которгон: Назира Бегалиева