Борбордук Азияда жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча биргелешкен механизмдерди Астанада С5+1 SI конференциясында серепчилер талкуулашууда. Артыкчылыктуу багыттар – региондун өлкөлөрү менен АКШнын долбоорлору, ага жеке маалыматтарды коргоонун жана санариптик чөйрөнү жөнгө салуунун жаңы ыкмалары кирет. Америка Кошмо Штаттары Борбордук Азиянын киберкоопсуздугун жана санариптик каржы секторун өнүктүрүү үчүн 5 миллион доллар бөлдү. Каражат ошондой эле маанилүү инфраструктураны коргоого, маалымат борборлорун түзүүгө багытталат. Америка тарабы региондун башка натыйжалуу санариптик стартаптарын колдоого даяр.
Марк Кэмерон, АКШ Мамлекеттик катчысынын Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысынын орун басары:
– Биз бул колдоону гранттар түрүндө беребиз, анткени жеке компаниялар бул жаатта алдыңкы ролду ойношу керек деп эсептейбиз. Америка Кошмо Штаттары Борбордук Азиядагы келечекке абдан кубанычта. Биз жеке компанияларды колдой турган жана электрондук өкмөттүн өнүгүшүнө өбөлгө түзө турган демилгелерди ишке ашырууну чыдамсыздык менен күтөбүз. Менимче, биз биргелешип иштөө үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар.
Бахтияр Мухаметкалиев, жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү вице-министри:
– Өткөн жылы биринчи С5+1 саммити Ак үйдө өтүп, кызматташуубуз жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Эми биздин милдет – бул фундаментти дагы тезирээк куруу жана дүйнөлүк технология рыногунда Борбордук Азиянын позициясын бекемдөө. Бул үчүн биз чогуу иштешибиз керек. Биз инфраструктурабызды, талантыбызды, долбоорлорубузду жана маалыматтарыбызды бириктиришибиз керек. Эң негизгиси, биздин жолугушуулар конкреттүү натыйжаларга алып келиши зарыл. Казакстан бул ишке ачык жана даяр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

