Борбордук Азия менен АКШ экономикалык байланыштарын кеңейтүүдө

Борбордук Азия менен АКШ экономикалык байланыштарын кеңейтүүдө

«С5+1» форматындагы министрлердин жолугушуусу Өзбекстанда өттү. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясат мекемелеринин башчылары жана АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио катышты. Тараптар сооданы кеңейтүү, инвестицияларды тартуу жана транспорттук каттамдарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Казакстандын атынан тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди катышты. Ал транспорттук-логистикалык инфраструктураны чыңдоонун жана жеткирүү чынжырларын диверсификациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Катышуучулар критикалык маанилүү минералдар, энергетика, санариптештирүү жана инновациялар чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлордун келечегине өзгөчө көңүл бурушту. Алардын ишке ашырылышы экономикалык байланыштарды чыңдоого жана аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда өлкөлөр бажы эрежелерин жакындатуу жана бири-биринин рыноктарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча пландарын белгилешти.

Марко Рубио, АКШнын мамлекеттик катчысы:

–  Президент Трамп жана сиздердин өлкөлөрдүн лидерлери сооданы, инвестицияларды өнүктүрүүгө ыңгайлуу болгон жөнгө салуу жана эмгек чөйрөсүн түзүү боюнча макулдашышты. Ушул аптада биз бул милдеттенмелерди аткаруунун үстүндө иштеп жатабыз. Биз Транскаспий соода жолунун инфраструктурасын жакшыртууну жана өнөктөштөрүбүзгө АКШ менен Борбор Азия рыноктарына чыгуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берүүнү көздөп жатабыз. Бул биригүү өлкөлөрүбүздүн өнөктөштүгү жана теңдешсиз өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков