Бишкекте К.Токаев ШКУну өнүктүрүү боюнча демилгелерди жарыялады

Бишкекте К.Токаев ШКУну өнүктүрүү боюнча демилгелерди жарыялады

Казакстан ШКУнун алкагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча жаңы демилгелерди сунуштады. Касым-Жомарт Токаев ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Бишкектеги жыйынында сөз сүйлөдү. Президент экономикалык кызматташтыкты чыңдоону, санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары белгиледи. Ошондой эле, ал ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүнү колдоп, Казакстандын анын штаб-кеңсесин жайгаштырууга даяр экенин билдирди. Дагы бир сунуш - Уюмдун колдоосу астында университеттерди, изилдөө уюмдарын жана технологиялык компанияларды камтыган жасалма интеллект борборлорунун тармагын түзүү. Казакстан учурдагы чек ара кызматташтыгы борборлорунун негизинде ШКУнун чек ара соода аймактарын түзүү сунушун киргизди. Бүгүнкү күндө Уюмга мүчө өлкөлөрдүн жалпы өз ара соода жүгүртүүсү бир триллион долларга жакындап калды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

–  Казакстан ШКУнун кеңири соода жана инвестициялык мейкиндигин минималдуу тоскоолдуктар, санариптик жол-жоболор жана өнүккөн транспорттук-логистикалык байланыш менен түзүүнү колдойт. Биз келишимдерден конкреттүү демилгелерге өтүү маанилүү деп эсептейбиз. Мамлекеттерге бардык катышуучулардын кошулушун күтпөстөн, долбоорлор даяр болгондо ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү пилоттук өнөр жай консорциумдарынын механизмин киргизүүнү сунуштайбыз. Ийгиликтүү демилгелерди Уюм боюнча жайылтууга болот.

Касым-Жомарт Токаев ШКУнун транспорттук дараметине өзгөчө көңүл бурду. Чыгыш менен Батыштын эң ири рынокторун байланыштырган негизги евразиялык маршруттар Уюмга мүчө мамлекеттер аркылуу өтөт. Бул маршруттардын кесилишинде жайгашкан Казакстан транзиттик инфраструктурасын ырааттуу түрдө өнүктүрүп жатат. Президенттин айтымында, транспорттук байланыштарды андан ары чыңдоо ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын практикалык багыттарынын бири болушу керек.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Казакстан Шанхай кызматташтык уюмунун бардык мейкиндигинде транспорт демилгелерин илгерилетүүгө көмөктөшүүгө даяр. Биз бажы жол-жоболорун санариптештирүүнү, электрондук документтерди өз ара таанууну, «жашыл коридорлор» принцибин жана башка заманбап механизмдерди колдоону кубаттайбыз. Жүк ташууларды баштапкы пунктунан акыркы алуучуга чейин тоскоолдуксуз коштоп жүрүү үчүн ШКУнун Бирдиктүү санариптик транзиттик платформасын түзүү натыйжалуу чечим болушу мүмкүн. Шанхай кызматташтык уюмунун 2035-жылга чейинки транспорттук байланыш стратегиясын иштеп чыгууну жана кабыл алууну сунуштайбыз.

Жолугушуунун жыйынтыгында лидерлер кызматташуунун ар кандай багыттары боюнча кеңири документтерге кол коюшту. Алардын эң маанилүүсү ШКУнун 25 жылдыгы боюнча Бишкек декларациясы болду. 2026–2027-жылдары ШКУга төрагалык кылуу Пакистанга өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков