Астанада Казак-Кытай жасалма интеллект мектеби түзүлүшү мүмкүн

Астанада Казак-Кытай жасалма интеллект мектеби түзүлүшү мүмкүн

Казакстанда жасалма интеллект мектеп билим берүүсүнүн активдүү бөлүгү болуп баратат. Бугу айында президент Касым-Жомарт Токаев атайын Жарлыкка кол койду, ал эми Өкмөт 2029-жылга чейинки жасалма интеллектти киргизүүнүн комплекстүү планын бекитти. Ал мугалимдерди даярдоону, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүнү жана окуу процессинде нейрондук тармактарды коопсуз колдонуунун эрежелерин иштеп чыгууну карайт. Аяк оона айынын 1нен баштап Павлодар жана Кызылорда  облустарынын он мектебинде пилоттук долбоор ишке киргизилди. Жасалма интеллект-билим берүүнү өнүктүрүүгө ата мекендик компаниялар да кошулууда. Мисалы, казакстандык SHAI стартапы өзүнүн технологиялык чечимдерин түзүп, студенттерди жана окутуучуларды аларды практикада колдонууга үйрөтүүдө. Келечекте компания мындай долбоорлорду мектеп окуучулары үчүн да киргизүүнү көздөйт. Анын өкүлдөрүнүн пикири боюнча, балдарды жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү менен окуунун алгачкы жылдарынан тааныштыруу зарыл – бул мезгилдин талабы болуп саналат.

Айбар Усенов, SHAI AI стартабынын коммерциялык мүдүрү:

–  Биз бир нече жыл мурда эле мамлекетибиз биринчи класстардан баштап информатика сабактарын киргизгенин билебиз. Мен ишенем, жасалма интеллект класстарын ушундай эле киргизүү биздин жаш жарандарыбызга мектеп партасынан баштап жасалма интеллектти окуусунда колдонууга жардам берет. Бул аларга келечекте Казакстандын дүйнөлүк аренадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыра турган көндүмдөрдү өздөштүрүүгө шарт түзөт.

Астанада казак-кытайлык жасалма интеллект мектебин ачуу бул багыттагы дагы бир кадам болушу мүмкүн. Касым-Жомарт Токаев аталган демилгени иштеп чыгууну Өкмөткө тапшырды. Жаңы технологиялык экономика үчүн жаңы муундагы адистер керек. Ал эми бул жерде билим берүү системасы бирдиктүү вертикалга курулушу керек, мектептер кесиптик билим алуунун пайдубалы болуп калат. Ал эми Кытай жасалма интеллект жаатында дүйнөлүк лидерлердин катарына кирет жана билим берүүгө инновацияларды жигердүү киргизип жатат. Алар жаш муун жасалма интеллектти колдонуунун калыптанган адаттары түрүндөгү жаңы чакырыктарга даяр болушу керек деп эсептешет. Мында программалоо көндүмдөрүнө гана эмес, алгоритмдерди түшүнүү жана машина чечимдерин талдоо жөндөмүнө да басым жасалат. Казакстан тажрыйбаны үйрөнүп, ата мекендик системага ыңгайлаштырууну көздөйт. Ошондой эле Гонконг да кызматташууга кызыгуусун билдирип жатат, ал жерде мектептерде жана университеттерде жасалма интеллектти окутуу программалары буга чейин эле иштеп жатат.

Саймон Чан, Гонконг соода жана экономикалык кызматташтык башкармалыгынын башкы мүдүрү:

–  Жасалма интеллект билимине келсек, Гонконг мектеп окуучуларына, студенттерге жана жаштарга бул жаатта билим алууга мүмкүндүк берген демилгелерди колдойт. Бизде орто мектептерде да, университеттерде да жасалма интеллект билимин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалар бар. Гонконг эл аралык билим берүү борбору жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар. Жасалма интеллект билими биздин кызматташуубуздун келечектүү багыты боло алат деп ишенимдүү түрдө айта алам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков