Alatau Cityде инвесторлорду коргоо
тутуму күчөтүлөт. Жаңы мегаполисти өнүктүрүү менен алектенген компания жана
прокуратура органдары кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Ал административдик
жана укуктук тоскоолдуктарды эрте аныктоону, бизнестин кайрылууларын биргелешип
кароону жана сотко чейинки талаш-тартыштарды жөнгө салууну камтыйт. Жалпысынан
Казакстанда Инвесторлордун укуктарын коргоо комитети бүгүнкү күндө үч жарым миңге
жакын долбоорду коштоп турат. Бул үчүн санариптик мониторинг, жеке прокурор
институту жана прокурордук фильтр сыяктуу механизмдер колдонулат. Алатау Сити
ишкердик активдүүлүктүн, технологиялардын жана заманбап шаардык өнүктүрүүнүн
жаңы борбору катары түзүлүүдө. Бул жерде өндүрүш, логистикага басым жасалат. Азыр шаарда ири
долбоорлорду ишке киргизүүгө даярдык көрүлүүдө.
Тимур
Ташмухамбетов, Alatau City шаарынын долбоорлоо жана курулуш нормалары
департаментинин мүдүрү:
– Бүгүнкү күнгө карата жалпы наркы 6,9 миллиард долларды түзгөн 67
долбоордон турган инвестициялык портфель түзүлүп, 55
миңге жакын жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өндүрүштүк
жана логистикалык долбоорлордун бир катары буга чейин ишке ашырылып жатат.
Ошол эле учурда, жаңы шаар экономикасынын өсүү чекиттери боло
турган ири флагмандык долбоорлорду ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

